Чүйдө 2 спринтер унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук районуна караштуу Эркин-Тоо конушунун Э. Иманалиев көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (СТО) 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана Мерседес Бенз Спринтер үлгүсүндөгү 2 унаа толук күйүп кеткен.
Жерине Бишкек шаардык №6 ӨККБнөн 1 бөлүм тартылып, саат 19:49да өрт чектөөгө алынган. Өрт саат 20:39да толук өчүрүлгөн. Такталган маалыматка караганда, жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.