"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө расмий сапар менен келген Палестина Мамлекетинин тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликини жана экспатрианттарды кабыл алды.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Садыр Жапаров министрдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкө маанилүү келишимдерди түзүп, мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулай алат деген ишенимин билдирди.

Рияд Аль-Малики кыргыз-палестин мамилелеринин туруктуу өнүгүүсүнө токтолуп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында эки мамлекеттин ортосунда өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү, эки өлкөнүн эксперттеринин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташуусун жана тажрыйба алмашуусун активдештирүүнү сунуштады.

Тараптар Кыргызстан менен Палестинанын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.