"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Валентина Шевченкого акчалай сыйлык тапшырды

Кечээ, Президент Садыр Жапаров аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуп, аны алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

«Сиздер ийгиликтер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер, ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп белгиледи Президент.

Валдентина Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Садыр Жапаровдун телефон чалып куттуктаганына кубанганын белгилеп, бул ага мындан да көп жана мыкты иштөөгө чоң мотивация берерин кошумчалады. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана алардын колдоосу дагы да дем берип, жеңишке болгон ишенимин арттырарын билдирди.

Мамлекет башчысы ага 1 млн сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!