"Эркин-Тоо"

Санариптештирүүнүн алкагында милициянын кайгуул кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлүүдө

Ички иштер министрлигинде Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлерине кызмат өтөө учурундагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алган боди камераларды колдонуу жана иштөө тартиби тууралуу окутуп-үйрөтүү сабагы уюштурулду.

ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган камералар кызматкерлердин кийиминин көкүрөк төшүнө же ийиндеги погонунун астына тагылат. Кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл-аракеттери онлайн көрсөтүлөт жана видео жана аудио форматта сакталып, ИИМдин жетекчилиги аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар менен болгон мамилеси, мыйзамдуулук, кызматтык тартиптин сакталышы жана коррупциялык элементтерге жол бербөөсү, конфликттик жагдайлар учурундагы керектүү далил фактылардын жазылуусу, бөлүнгөн күзөт чарчыларынын кырдаалдык абалы жана айдоочулардын сүйлөгөндөрү видео форматта жаздырылып турат. Ага онлайн мониторинг жүргүзүү менен, тийиштүү чаралар көрүлүп турары айтылды.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында бардык кызматкерлерге жаңы жабдууларды колдонуу жана пайдалануу боюнча окутуп-үйрөтүү сабактарды өткөрүү тапшырмалары коюлуп, камераларды колдонуу тартибинде көрсөтүлгөн нускамага өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча өздүк курамдан сунуш пикирлер айтылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!