"Эркин-Тоо"

Сауд Арабия кичи ажылыктын шарттарын өзгөрттү

Сауд Арабиясы кичи ажылыктын шарттарын өзгөртүү. Буга коронавирустун жаңы омикрон штаммы себеп болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Билдирүүдө зыяратчылар умра кылуу үчүн падышачылыкта бекитилген COVID-19га каршы эки компоненттүү вакцина менен эмдөөдөн өтүшү керектиги айтылат. Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюму тарабынан бекитилген вакциналар менен эмдөөдөн өткөн, бирок падышалыктын дары-дармектеринин тизмесине кирбеген зыяратчылар изоляциядан 48 саат өткөндөн кийин үч күндүк карантинден жана ПЦР-тестинен (жыйынтыгы терс болушу шарт) өтүшү керек.
«Сауд Арабия бийлигинин чечимине ылайык, зыяратчылардын падышачылыкта болуу мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылды. Буга чейин кичи ажылык сапарында чет элдиктерге өлкөдө 10 күн жүрүүгө уруксат берилген. Ошондой эле умра зыяратына 18 жашка толгондор гана барары белгиленген.

Чет өлкөдөн келген зыяратчылар үчүн жаңы шарттардын киргизилиши өлкөдө коронавирустун жаңы штаммынын биринчи жолу аныкталгандыгына байланыштуу. Бирок Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министри өлкө дүйнөдөгү кырдаалдын өнүгүшүнө көз салууну уланта турганын айтып, бардык зыяратчыларды коопсуздук чараларын жана чектөө эрежелерин сактоого чакырды», — айтылат маалыматтарда.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!