Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөбүздө 30-ноябрь күнү өтө турган Парламенттик шайлоого даярдык көрүп, добуш берүүдө колдонула турган жаңы системаны сыноодон өткөрүп жатат. Башкача айтканда, 10-октябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде алгачкы тесттик режимде добуш берүү өткөрүлдү. БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында Кыргызстанда шайлоо системасы жаңыланган. Түштүк Кореядан алынып келинген аппараттар кынтыксыз иштеп, добуш берүүнү жеңилдетет.
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров:
– Шайлоо учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Конституциялык укугун камсыздоо үчүн максималдуу түрдө шарт түзүү максат кылынган. Учурда бардык аракеттер көрүлүп, БШК шайлоого даяр болуп калды. Мисалы, 10-20-30-октябрда бүткүл Кыргызстан боюнча тесттик, аралыктан добуш берүү өткөрүлөт. Тесттик шайлоого бардык каалоочулар келип катышса болот. Аппараттарды сыноо, тесттик режимде добуш берүү Россия Федерациясынын Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург, Иркутск шаарларында да жүргүзүлмөкчү. Учурда Кыргызстанда 2400 шайлоо участкасы бар. Ошону менен катар кезектеги шайлоодо чоң соода борборлор, базарлар, ири унаа базарлары, ооруканалар, аэропорттордо да шайлоо участкалары түзүлүүдө. Ал участкалардан жарандарыбыз аралыктан добуш бере алышат. Негизги максатыбыз – жарандарыбыздын ар бирине ыңгайлуу шарт түзүп берүү болууда.
Жаңы шайлоо системасы өтө ыңгайлуу. Аны тесттик режимде добуш берген жарандар көрүп, билсе болот. Мисалы, бир жаран келип, өз участогунан шайлоого катышып чыгып, кайра башка участокко барып добушун экинчи жолу бере турган болсо, система анын мурда кайсыл жерден добуш бергендиги тууралуу толук маалымат берет. Баса белгилеп кете турган нерсе, шайлоодо автоматташтырылган системаны киргизүүдө Кыргызстан дүйнөдө алдыңкы катарда. Бул система добуштарды автоматтык түрдө, кынтыксыз эсептеп чыгып, шайлоо бүткөндөн кийин 2 сааттын аралыгында кимдин канча добуш алгандыгына чейин маалымат берет. БШК учурда дүйнөнүн булуң-бурчунда аралыктан добуш берүүнү уюштуруп жатат. Кыргызстанда колдонулган система АКШда колдонулат.
Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы азыр жарандар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатканын белгиледи. БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында электрондук добуш берүү киргизиле элек. Бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүдө шайлоочунун шайлоо участогуна өзү жеке келип катышуусу талап кылынат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат. Аралыктан шайлоого жол берүү элдин шайлоого көбүрөөк катышуусуна түрткү болуусу үчүн да уюштурулууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда кезексиз Парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, республика 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат. 12-октябрга карата 198 жаран эл өкүлү болуу ниетин билдирип, БШКга арыз тапшырган.
Жазгүл Кенжетаева