Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Маалыматка караганда, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Ал эми шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

