Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында шалвар күрөш боюнча кыргыз балбандары 1 күмүш жана 2 коло медалдын ээси болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сзз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 70 килограмм салмакта Амантур Камчыбеков күмүш медаль, 75 килограмм салмакта Ислам Орозбеков жана 80 килограмм салмакта Бекжан Жамбылов коло байгенин ээлери болушту.