17-19-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 92-99 чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ушуга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
17-январда күндүз жана 18-19-январь кундөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. 17-18-январда Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы төмөндөп, 19-21-январларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болушу, 20-22-январларда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.