"Эркин-Тоо"

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

13-июнда ак жаанга байланыштуу тоо этектеринде, тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыялар, суулар ташышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрлик коопсуздукту сактоо үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн, дренаждык түйүндөрдү тазалап коюу зарылдыгын эскертет.

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан телефонограмма даярдалган. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!