"Эркин-Тоо"

Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. КРнын М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

УКМК тергөөчүнү кармоо иштерин ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!