"Эркин-Тоо"

Стамбулдун ири базары Капалы чаршыга 40 миллиондон ашык турист келди

Стамбулдун тарыхый жана эң ири базары Капалы чаршыга (Grand Bazaar)  2022-жылы 40 миллиондон ашык турист келди. Ири соода жайын зыярат кылгандардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 56 пайызга өскөн. Бул көрсөткүч менен өткөн жылы чоң базарды күнүнө орто эсеп менен 100 миң киши кыдырып чыккан. Ал эми 2021-жылы болсо аталган базарга 25,5 миллион туристти кабыл алган болчу.

Ичи лабиринт сымал көрүнгөн бул базарда текстилден тарта байыркынын буюм-тайымдары, курал-жарагы, сөйкө, шакегине чейин саткан миңдеген дүкөндөр бар. Бул базар жүздөгөн жылдардан бери соода-сатык борбору болуп келген.

Миңдеген сатуучулар, жүз миңдеген кардары бар Капалы чаршы базары өткөн жылы оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, эскилиги жеткен бөлүктөрү жаңыланган соң кайра ачылган.

СТАМБУЛДУН ТАРЫХЫ ЖАНА СООДА ЖОЛУ

Стамбулдагы Нуруосмание, Мержан жана Беязыттын ортосунда жайгашкан Капалы чаршынын тарыхы 15-кылымга барып такалат. Осмон империясы гүлдөп-өсүп, дүркүрөп өнүккөн мезгилде бул жерлерге элдин социалдык-экономикалык жана маданий муктаждыктарын канаатандыруу үчүн диний, коомдук жана кайрымдуулук жайлары менен катар базар сыяктуу курулуштар салынган. Биз сөз кылып жаткан Капалы чаршы базары Аясофияга киреше алып келүү үчүн 1461-жылы Фатих Султан Мехмет тарабынан курулган. Көп өтпөй бул жер асыл таш жана баалуу металдар соодасы менен атагы чыгып, дүйнөнүн төрт бурчун бириктирген ири базарга айланган.

Эң байыркы жана эң чоң соода борбору катары белгилүү Капалы чаршы базары ар кандай өрт жана жер титирөөлөрдөн кийин Саркис Балян башында турган белгилүү архитекторлор тарабынан бир канча жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Тарыхый жана маданий мааниси чоң Капалы чаршы базарынын адабиятта, санат жана туризмде да опол тоодой орду, салмагы бар.

КАПАЛЫ ЧАРШЫДАГЫ БИРИНЧИ ЭРЕЖЕ – БУЛ “СООДАЛАШУУ!”

Беш жылдык тарыхы бар, 2500гө жакын жумуш ордун түзгөн тарыхый чоң базарда килем, баштыктан тартып, текстиль буюмдары, алтын-күмүш, зер буюмдары, сөйкө, шакектерге чейин сатылат. Базардын хан деген көл өнөрчүлүк бөлүмүндө 1200дөй уз-усталар иштейт. Капалы чаршы базары жайкысын саат 08.30-19.30, кышкысын болсо 08.30-19.00 аралыгында иштейт.

Капалы чаршыга баруу сизге Стамбулдун тарыхый абасынан дем алуу жана анын экономикалык динамикасын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Базардын ийри-буйру көчөлөрүнөн басуу, өтмөктөрүнөн өтүү, көптөгөн кафе-ресторандарынан даам сызуу, ошондой эле көз жоосун алган дүкөндөрүн кезүү, кишиге өзүнчө бир рахат тартуулайт.

Эгер Капалы чаршыга барып калсаңыз базардын алтын эрежесин унутпаңыз. Бир нерсе сатып аларда сөзсүз соодалашыңыз.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!