"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Статистика

Статистикалык комитет: Кыргызстанда калктын өсүү темпи басаңдады

Улуттук статистика комитети Бүткүл дүйнөлүк калктар күнүнө карата өлкөдөгү калктын саны жана төрөлүү коэфициенттери тууралуу маалымат берди.

Демографиялык статистика бөлүмү билдиргендей, 2025-жылдын башында Кыргызстандын калкы 7 миллион 282 миң адамга жетти.

2024-жылы калктын санынын өсүү темпи мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир аз басаңдап, 1,7 пайызды түздү. Мындай көрсөткүч 2020-жылдагы 1,9 пайыздык өсүү деңгээлине салыштырмалуу төмөн. Аймактар арасында калктын эң жогорку өсүү темпи Ош шаарында (2,2%) жана Бишкекте (2,1%) байкалса, эң төмөнкүсү Нарын (0,9%) жана Ысык-Көл (1,0%) облустарында катталды.

Төрөт боюнча республикада орточо көрсөткүч 1000 калкка 19,4 жаңы төрөлгөн ымыркайды түздү. Бул 2020-жылдагы көрсөткүчтөн 17,5 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Ошол эле учурда, Баткен облусу 1000 адамга 23,9 бала менен эң жогорку төрөт коэффициентин ээлейт. Андан кийинки орунда Ош (22,3), Нарын жана Жалал-Абад облустары (22,0) турат.

2024-жылы жалпысынан 140 миңден ашык бала жарык дүйнөгө келсе, алардын 51 пайызы эркек, 49 пайызы кыздар болгон. Энелердин орточо жашы 28 жашка чейин жогорулаганы байкалууда, эң жаш энелер Ош облусунда жашайт.

Аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу республика боюнча басымдуулук кылат. Бирок Баткен, Ош, Нарын жана Талас облустарында эркектердин саны аялдарга караганда көп.