"Эркин-Тоо"

Султанбаев: Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө шарттары бар эркин өлкө

Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору «Азаттык медианын» айланасындагы кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Султанбаев билдиргендей, бул сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет.

«»Азаттык медианын» ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет.

Бул чечимди кабыл алганга чейин, Министрлик «Азаттык медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн.

Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган.

Башкача айтканда бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыйуу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон.

Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө.

Дагы бир жолу кайталайм, бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо», — деди президенттин маалымат катчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2022-жылын октябрь айында «Азаттык медиа” сайтынын ишин эки айга токтоткон, кийин аталган чечим дагы узартылган.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!