"Эркин-Тоо"

Сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө

Аламүдүн районунда сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган Б.Ө. аттуу жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган, бирок натыйжа болбогондуктан издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. 19-январь күнү улантылат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!