"Эркин-Тоо"

Сузакта социалдык шаарча курулат

Сузак районунун Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, долбоор «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырып жатат. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункт (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы курулат. Шаарча социалдык жактан аз камсыз болгон, турмуштук шарты оор үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ишке ашырылып жатат. Турак жайлар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Курулуш иштерин ушул жылдын күз айларына аяктоо пландаштырылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!