"Эркин-Тоо"

Сыргак КЫДЫКЕЕВ: “МЭЭНЕТИБИЗГЕ ЖАРАША БЕРЕКЕСИН КӨРҮП ЖАТАБЫЗ»

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сыргак КЫДЫКЕЕВ

— Сыргак Билялович, жыл аяктап баратат. Алдыга койгон жалпы максаттардын аткарылышы, жыйынтыгы кандай болууда?

— Быйыл жыл маанайы, айталык, аба ырайы жакшы болду. Мурдагы жылыбыз кургакчыл болуп, суу жетишпей жер иштетип баар тапкан, эл баккан баба дыйкандарыбызга оор болгон. Быйыл арпа, эгинибиз эки эселенген түшүмүн берди. Себеби мамлекеттик деңгээлде сугат жана ирригациялык тармакка зор каржылык колдоолор көрсөтүлдү. Нечен жылдап тазаланбаган, каралбаган, эскирген канал, арыктар, суу сактагычтардын багы быйыл ачылды. Сугат жана ирригациялык тармактарды оңдоо, куруу бардык райондорубузда жогорку темпте кулачын жайды. Андан тышкары ата-бабалардан салт болуп калган ашар ыкмасы менен биримдикте арык тазалап, жыгаандарды бекемдеп, биримдикте кол кабыш кылдык. Баса белгилеп кетүүчү жагдай жылыбыз да жаанчыл болуп, Жараткан жар болуп, ташка чейин чөп чыгып, сугат жагынан мурдагыдай кыйналбадык. Эң башкысы: “Каржыбыз жок, оңдоо, куруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат” деген көйгөйлөрдөн ыраак болдук. Мына эми ырахатын көрүп жатабыз.

Айталык, Чүй башкы суу чарба башкармалыгына 17 млн 523 миң сом каралган. Бүгүнкү күндө 18 млн 263 сом жумшалып, мерчемделген иштер 104,2 пайызга аткарылды. 176,5 чакырым каналдар оңдолду. 56,5 чакырым каналдар механикалык тазалоодон өтүштү. 513 даана гидротехникалык курулмалар оңдолду. 100 пайызга аткарылды. Ошондой эле 598 даана гидропосттор оңдолду. Мында да иштер 100 пайызга жетти. Бул мисалдар жемиштүү иштердин үзүрү. Чыгыш Чоң Чүй каналынын 21,2 чакырымы механикалык тазалоо иштеринен өттү. Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда жайгашкан канал БЧКны механикалык жол менен тазалоо колго алынды, пландалгандай 58 чакырым, 800 метри бүттү. Бул кылымдык зор иштерден болду десек жарашат. Аталган каналдар акыркы 30 жылдан бери тазаланбай эстен чыккан. Тазаланбаган арык, каналдардын суусу толук акпай, коромжуга учурап келген. Бир тамчы суунун баркы жогору экенин жакшы билебиз. Пайдага эмес, талаага кеткен суулардын убалын унутпайлык. Суу өмүр булагы, бир тамчы суу текке кетпесин!

Облустук өнүктүрүү фондунун сугат тармагындагы салымын да айтпасак болбос. Ирригациялык системаларды калыбына келтирүү, оңдоо иштерине 135 млн 655 миң сом чегерилген. 3-кварталга 21 долбоор өткөн. Тактап айтсак, Чүй районуна – 1, Ысык-Ата районуна – 3, Сокулук районуна – 6, Аламүдүн районуна – 2, Москва районуна – 4, Жайыл районуна – 4, Панфилов районуна – 1 долбоор таандык.

— Быйыл фермерлерди колдоо да жакшы жолго коюлду. Мал багуу, жер иштетүү мээнетин айтсак, чынында сөз узак. Каржы жана сапаттуу үрөнгө муктаж мээнеткечтердин тилеги ишке аша баштады. Ушул нукта сөздү узаталы.

— “Айыл чарбасын каржылоо – 10 долбоору” боюнча облустун дыйкандарына аз пайыз менен карыз берүү кадамдады. Мал чарбачылыгына 362,2 млн сом, ал эми өсүмдүк өстүрүүгө 356,5 млн сом жеңилдетилген карыздар берилди. Кайра иштетүүгө 39,4 млн сом насыя бөлүндү. Ошондой эле лизингге 189,7 млн сомго айыл чарба техникалары алынды.

Сапаттуу үрөнгө муктаждык кыскарууда. Россиядан 303 тонна элита жана супер элита үрөндөрү ташылып келген. Дыйкандар алышкан. Фермер-дыйкандарды жер семирткичтер, айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоочу пестецид, гербицид жана фунгицид химикаттары менен камсыздоо да дурус жолго коюлган. Облус боюнча 37 миң тонна жер семирткичтер аймактык кампаларда даяр турду. Дыйкандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү. 51 дүкөн-контейнерлер иштеди. Айыл чарба тетиктерин сатуучу, айыл чарба шаймандарын оңдоочу жайлар жетиштүү деңгээлде уюштурулду.

— Жалпы айыл чарбасындагы көрсөткүчтөргө токтолуп кетсеңиз. Мээнетке жараша берекеси болот эмеспи?

— Айтканызда калет жок. 10 ай ичинде айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышы 75547,4 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 116,6 пайызды түздү. Айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнөн мал чарба продукциясынын үлүшү 44,8 пайызды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 52,4, токой чарбасы жана балык уулоочулук – 0,3 жана тейлөөлөр 2,5 пайызды түздү.

Быйыл кылкандуу дан эгиндери 221926 га айдалган. Мындан буудайы 103270 га. Арпа 118656 га. Кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери толук аткарылды. 596893 тонна дан эгини жыйналды. Түшүмдүүлүк ар гектарынан 28 центнерден айланды. Мунун ичинен 295141 тоннасы буудай, 301698 тоннасы арпа. 36274 га жүгөрү себилген. 35311 га жыйналды, ар гектардан 68,8 центнерден айланды. Аягына чыгарына аз калды. 35512 тонна силос жыйналды. Картошка 9697 га айдалган, толук жыйналды. Жалпысынан 162392,5 тонна алынды, түшүмдүүлүгү ар гектарынан 167,4 центнерден айланды. 19947 га жашылчанын баары толук жыйналды.

Учурда кызылча казуу кызуу жүрүүдө. 8423 га айдалган. Мындан 7244 га жыйналды. 504875 тонна кант кызылчасы жыйналды. Түшүмдүүлүгү ар гектардан 599,4 центнерден айланды. Былтыр түшүмдүүлүк ар гектарынан 400 центнерден айланган. Былтыркыга салыштырмалуу 118875 тоннага көп.

Келерки жылдын камын баштадык. 122591 га күздүк айдалууга тийиш. Учурда 473221 га себилди.

— Сыргак Билялович, экономиканын күрөө тамыры бул өнөр жай ишканалары болуп саналат. Аларсыз алдыга жылуу мүмкүн эмес. Бул багытта айтарлык бурулуштар барбы?

— Ырас айтасыз, өнөр жайсыз экономиканы жогорулатуу чынында мүмкүн эмес. Бул багытта албетте, аракеттер акыбетин бере баштады. 10 ай ичинде өнөр жай ишканалары тарабынан жүрүп жаткан баада 143355,7 млн сомго продукция чыгарылды. Физикалык көлөмдүн индекси 105,9 пайызды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө иштетүү өндүрүшүнүн үлүшү – 86,2 пайызды, пайдалуу кендерди казуу жана суу менен жабдуу – 9,1, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу 0,3 пайызды түздү. Былтыркы жылдын январьсентябрь айларына салыштырмалуу текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим өндүрүү – 3,7 эсе, кокс жана тазартылган мунай продукцияларын өндүрүү – 27,9 пайызга, негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү – 22,9, тамак-аш азыктарын өндүрүү – 14,3 пайызга өсүш берди. Отчёт мезгилиндеги өнөр-жай продукциясынын физикалык индексинин көлөмүнүн өсүшүнө токтолсок: Панфилов районунда 136,3, Жайыл районунда 133,1, Москва районунда 107,5, Ысык-Ата районунда 106,1, Чүй районунда 100,1 пайызга жогорулаган.

Инвестиция тартуу, орто жана чакан бизнести чыңдоо алкагында айтарлык жылыштар бар. 9 айдын жыйынтыгы менен 57 субьект ачылып, 2850 жумуш орду түзүлгөн. Кубанарлык жагдай, башка тармактарга салыштырмалуу жаңы ачылган өндүрүш тармактарында жаңы жумуш орундары көп болду. Жумушсуздукту кыскартууда жаңы ачылган ишканалардын ролу айтып болгус. Андыктан өнөр-жай тармагына өзгөчө көңүл буруу негизги максаттарыбыз. Бул багыттагы бүгүнкү жетишкендиктерибиз чек эмес.

 

— Облуста чакан ГЭСтерди куруу боюнча иштер илгерилей баштады. Электр энергиясына болгон муктаждыкты кыскартууда чакан ГЭСтер айтарлык салымын кошот. Кышка карата даярдыктар табындабы?

— Албетте, кыштын камын учурунда көрүшүбүз керек. Облустун шаарларын жана айылдарын борбордук жылуулук менен камсыз кылуучу “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын облустук филиалдарында 41 откана бар. Анын ичинен 13ү – газ, 15и – мазут, 10у – көмүр, 3ө – электр энегиясы менен жылытылат. Баарында тийиштүү даярдыктар көрүлгөн. Айталык, “Кыргызтеплоэнерго” ишканасынын Кант филиалында – Достук кичи районунда газ жана мазут менен иштеген жаңы модулдук откананын курулушу аяктап ишке берилди. Жаңы откананын курулушу жылуулук тармактарындагы жоготууларды азайтат. Облус боюнча учурда “Чакан ГЭС” ААКсы менен тыгыз иштер жанданууда. Аны менен биргеликте электр энергиясын өндүрүү, жеткирүү жана сатуу иштери илгерилөөдө. Компаниянын курамына Аламүдүн жана Быстровка чакан ГЭСтери кирген. Андан тышкары Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагында кичи ГЭСтин (“Green Energy» ООО) курулушунун алгачкы этабы башталды. Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагында Көкөмерен дарыясына кичи ГЭСтин жана Панфилов районунун Чалдовар айыл аймагында ТЭЦтин курулушу болжолдонууда. Буйруса бул максаттар аткарылса албетте, электр энергиясына болгон муктаждыктарыбыз жумшарат. Кыштан жылуу чыгабыз. Бала бакча, мектептер 100% даяр!

— Чүй облустук өнүктүрүү фонду жана эл аралык кызматташтык жаатында айтып берсеңиз?

— Аталган фонд тарабынан аймактардын социалдыкэкономикалык абалын жакшыртуу максатында жалпысынан 76 долбоор жактырылган. Аларга 338,1 млн сом жумшалмак. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик органдардын өздүк салымы 26,6 млн сом. 9 айдын жыйынтыгы менен 29 долбоор ишке ашкан, 22,4 млн сом жумшалган. Дагы 47 долбоор ишке ашырылууда. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир топ иштер илгериледи. Мисалы, Аламүдүн районунда 4 долбоор ишке ашып, 15 млн 879 миң сом жумшалган. Жайыл районунда 2 долбоор иш жүзүнө ашырылып, 16,5 млн сом сарпталган. Москва районунда 7 чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулган. Ага 10 млн 795 миң сом керектелген.

Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытында бараандуу иштер жүргүзүлүүдө. Айталык, Корея Республикасынын Чоланамдо провинциясы, Түркмөнстандын Мары велаятынын Хакимлиги менен, КЭРдин Шеньси провинциясы жана башка өлкөлөрдүн аймактары менен кызматташуу келишимдери бар. Жакында Азербайжан Республикасынан келген ишкерлердин тобунун жетекчиси менен жолугушуу өтүп, ишкерликти биргелешип өнүктүрүү жаатында конкреттүү иш-пландар талкууланды. Ошондой эле облустагы “Кант-Сүт”, “Үмүт и К» сыяктуу көрүнүктүү ишканалар менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Облус боюнча 30дан ашык биргелешкен кыргыз-орус ишканалары жана Казакстан менен 57 биргелешкен ишканалар катталган. 2023 – 2026-жылдарга карата инвесторлор менен иштешүү жолго коюлат. Мисалы, КараБалта килем комбинатынын базасында “МахдиДекна” ишканасы, Кара-Балта тоо комбинатынын базасында “Алтын Группресж” алтын ылгоочу фабрикасы, Аламүдүн районунда “Силк Вей” индустриалдык паркы, Токмок шаарында ”Бурана” текстиль ишканасы, Кемин районунда “Шанфен 3 эт Цемент” ЖЧКсы, ЫсыкАта жана Кемин райондорунда “Терек-Таш” цемент заводдору ачылмакчы.

— Социалдык көйгөйлөрдөн чыгуу чынында оорго турат. Билим берүү, ден соолукту чыңдоо, маданиятты көтөрүү багытында кандай жаңылыктарыңыздар бар?

— “Билим алуу ийне менен кудук казгандай”, “Биринчи байлык ден соолук” деп элибиз бекеринен айтпаган. Маданиятсыз коомдун келечеги болбос. Жалпы облус боюнча 260 мектепке чейинки жана 307 жалпы билим берүүчү мекемелер бар. 9 ай аралыгында 5 бала бакча салынган. Аларда 450 наристелер тарбияланууда. Жаңы бала бакча, мектептерге муктаждык арбын. Заманбап мектептер ошондуктан көздөн учуп турат. Жыл аягына чейин 1118 орундуу 9 мектепке чейинки билим берүү мекемелери курулуп бүтөт. Учурда куруу иштери кызуу жүрүүдө. Баса, 1325 орундуу 3 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, эшигин ачты. Бул багытта кайрымдуу фонддордун да салымы чоң. Ошондой эле 600 орундуу 2 кошумча корпус курулду.

Маданият турмушунан айтсак, 400гө чукул маданият мекемелери бар. Быйыл 22 маданий мекеменин оңдоо ишетерине 2,7 млн сом керектелди. Эң башкысы, маданият кызматкерлеринин айлык акылары көбөйдү. Маданият тармагына жеткиликтүү көңүл бурула баштады. Жаңы заманбап маданият үйлөрүн куруу алдыдагы бирден-бир максаттарыбыз.

Медицина тармагында ийгиликтер менен катар жетишпестиктер жок эмес. Балдарды жана энелерди коргоо жогорку жоопкерчиликти талап кылат. Өмүр кымбат. Айыл жерлеринде алгачкы медициналык жардамды көрсөтүүчү ФАПтардын ролу айтып болгус. Андыктан айыл жерлеринде жаңы ФАПтарды куруу эстен чыкпады. 9 ай аралыгында 19 саламаттык сактоо мекемелери ( 10-ФАП, 6-ҮДТ, 3-лаборатория) пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 4 саламаттык сактоо мекемесинин сааты чыгат.

— Сыргак Билялович, элдик курултайга талапкерлерди тандоо аяктап калды. Жагдай жайындабы?

— Элдик курултайдын өтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Облус боюнча 218 талапкер тандалды. Жаштар басымдуу. Облус боюнча 105 айыл өкмөтү бар. Ар бир айыл аймактан 2ден талапкер тандалды. Токмок шаарынан 2, райондорго караштуу 6 шаардан 1ден татыктуулар катталды. Тынччылык менен өтүп жатканы облустук ошондой эле райондук жетекчилер тарабынан кийлигишүү болгон жок. Бардыгы элдин эрки менен чечилүүдө. “Биздин талапкерлер курултайда эл кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди көтөрөт” деген ишенимдебиз. Буйруса, жылды жакшы ийгиликтер менен тосуп алабыз.

№102 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 18-ноябры
Айчүрөк МАКЕШОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!