«Түндүк» тиркемеси толугу менен жаңыртылат

31-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113

Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов “Түндүк” мобилдик тиркемесине жакын арада аттестат, диплом, аскер билети сыяктуу жаңы санариптик документтер кошулуп, тиркеме толугу менен жаңыланарын  “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Министр мобилдик тиркеменин дизайн жана архитектурасы өзгөртүлөрүн, жаңылануулар этап-этабы менен ишке ашырыларын белгиледи.

“Биз колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, заманбап жана туруктуу интерфейс түзүүнү максат кылабыз. Жаңыланган версияда жаңы финансы кызматтары, ошондой эле мамлекеттик кызматтарга мобилдик тиркеме аркылуу жетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестаттар, дипломдор, аскер билеттери жана башкалар кошулат. Колдонуучулардын санариптик документтерди алуусуна, мамлекеттик органдар менен иштешүүсүнө шарт түзүлөт.

Өзгөртүүлөр акырындык менен киргизилет жана кынтыксыз версиясын түзүү үчүн 1 жылдан ашык убакыт талап кылынат. Андыктан тиркеменин жаңылануусунун ар бир этабы боюнча жарандарга маалымат берүүнү улантабыз.”, — деди Азамат Жамангулов.

31-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X