Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-майга караган түнү саат 00:57лер чамасында Шаты — Ичке-Суу— Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) болгон.
«BMW-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, автоунаанын ичиндеги 18 жаштагы үч жигит катуу жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгү тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.