"Эркин-Тоо"

Түрк элинин улуттук азем кийимдери Кыргызстанда

Биндаллы көйнөгү-Түрк элинин аялдарынын улуттук кийими болуп саналат. Кооз, шөкөттөлүп тигилген, кездемелери өзгөчө бул кийимдерди биз түрк тасмаларынан көрүп жүрөбүз. Көз жоосун алган азем кийимдер түрк элдеринин Анадолу салтына негизделип, токуп, ийрүү ыкмалары менен иштелип чыкканы, узун тарыхты өзүнө камтыгандыгы менен айырмаланат. Алар түрк элинин Орто Азиядан көчкөнүнөн тартып, Сельчук жана Осмон империяларын түптөгөн узун тарыхын чагылдырат. Ушул аптада Кыргыз Республикасынын Улуттук Тарых музейинде Түркия мамлекетинин түптөлүшүнүн 99-жылдыгына карата түрк элинин улуттук көйнөктөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө “Мурас” деп аталды. Иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Түркиянын маданият жана туризм министрлиги менен Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин Маданият жана туризм кеңешчиси Алпарслан Акынжы көргөзмөнүн эмне үчүн “Мурас” деп аталгандыгына токтолду.

Түрк элдеринин тили жана дили бир. Ал тургай биздин кийим күйүү маданиятыбыз да окшош. Ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолунда бизге мурас калтырылган бул кийимдерди кыргыз элине көрсөтөлү деп көргөзмө уюштурдук. Карап көрсөңүздөр биздин улуттук кийимдерибиз менен кыргыздардын улуттук кийимдеринин окшоштуктары көп. Баш кийимдер, оймо чиймелерде эки элдин байланыштарын көрүүгө болот. Бул түрк элинин тарыхта Борбордук Азиядан көчүп баргандыгынан кабар берет. Быйыл Түркиянын түптөлүшүнө 99 жыл, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди. Биз бул даталардын урматына боордош элдердин улуттук салттуулугу тууралуу көргөзмө уюштурууну туура көрдүк.

Көргөзмөгө көйнөктөр “Ankara Olgunlaşma Enstitüsü” институтунун өкүлдөрү тарабынан алынып келинген. Бул институттун мүдүрү Илкнур Кочбыйык бир кездерде Осмон империясынын султан айымдары да кийген биндаллы көйнөктөрү тууралуу айтып берди.

Биз Осмон доорунан бери сакталып, бүгүнкү күндө да “Түрк Хына Кечтеринде” кийилген Биндаллы көйнөктөрүн таанытууга аракет көрүп келебиз. Биндаллы көйнөктөрүнүн жаралыш тарыхы, тигүү ыкмасы, кийимге түшүрүлгөн оймо-чиймелердин философиясы, анын зер буюмдар менен кооздолушу өзгөчө. Көйнөктөрдү кооздогон таштар, курлардын баары ошол доордон бизге калган мурас. Анда башка элдердин улуттук кийимдеринин маданияты да жуурулушкан. Айталы көйнөктүн оймолору формалары кыргыздардын кийимдерине окшош. Бул бир кездерде биздин тарыхыбыз бир болгондугун тастыктап турат.

Осмон империясынын доорунда түрк элинин маданий калыптануусуна өзгөчө көңүл бурулган. Империянын чек арасы кеңейген сайын түрк маданиятынын да чабыты кеңейген. Тамак-аш, кийим, унааларды колдонуу салттары, кийим кийүү маданияты мыктыланып олтуруп, түрк элинин ошол доордогу улуттук салты бекемделген. Осмон империясында кийимдердин кездемелерине, тигүү ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулуп, ал тургай түсүнө чейин маани берилген. Алсак, көк жана жашыл түстөгү кийимдерди султан айымдар гана кийе алган. Империя башында турган султандардын жана султан айымдардын кийими империянын кадырын көтөрүп, күчүн көрсөтүп тургандай болушу керек болгон. Мырзалардын кийимдерине да кылдат маани берилип, Европадан, чыгыш өлкөлөрүнөн алынып келинген мыкты кездемелерден гана тигилген. Парча, баркыт, жибек сыяктуу таза кездемелерге маани берилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!