"Эркин-Тоо"

Түркия суу алдындагы туризмди өнүктүрүүдө

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги Чанаккалени дүйнөнүн эң маанилүү сууга түшүү туризминин борборлорунун бирине айлантуу үчүн 2017-жылы «Галиполи-тарыхый суу алдындагы парк» долбоорун иштеп чыккан. Эки жылга созулган инвентаризациялык изилдөөлөрдөн кийин 150 чакырымды түзгөн сууда сүзүүгө ылайыкташтырылган дестинация жасалып, ишке кирген. Аталган суу алдындагы парк 2021-жыл, 2-октябрда пайдаланууга берилген. Галлиполи тарыхый суу алдындагы парк Эгей жана Мармара деңиздери бириккен жерде жайгашган. Ал ушул тапта байлыктары менен суучулдардын көңүлүн буруп келет. Галлиполиге 1915-жылы Лунди кемеси чөгүп кеткен. Салмагы 188 тоннаны түзгөн бул гигант кеме бүгүнкү күндө да суу алдында өз формасын жоготпой турат.

Парктын түзүлгөнүнүн бир жылдыгына карата суу алдындагы паркка Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой өзү да түштү. Ал суу алдындагы кооздукту жана эски кемелерди көрүү тарыхый учур болорун айтты жана туристтерди бул паркты көрүүгө чакырды.

«Галиполи тарыхый суу алдындагы парк» Галлиполи согуштары тууралуу маалыматты кеңири таанытуу максатында башталган долбоор болуп саналат. Муну менен катар бул долбоорго Дарданелл жана Эгей деңизинде биринчи дүйнөлүк согуштан калган жана тарыхый мааниге ээ болгон кемелер да жаңы санарип технологияларды колдонуу жолу менен жайгаштырылды. Аталган долбоор бир жагынан туристтик, дагы бир жагынан келечек муун үчүн Галлиполи согушундагы кемелерди сактап калууну көздөйт. Ошондой эле алдыда суу астында изилдөөлөрдү да жүргүзөт. Галлиполи согушу болгон аймакты коргоо жана кийинки муундарга Галлиполи согуштары тууралуу маалыматтарды жеткирүү максатында 2014-жылы Галлиполи тарыхый жайынын дирекциясы түзүлгөн. Бул жер эң жакшы сакталган согуш зонасы катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!