"Эркин-Тоо"

Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар адамдар изделүүдө

Жазык кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамды уурдоо) каралган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2021-жылдын 9-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б” жана Чүй облусунун ИИБнын «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары “П.Т.” кармалып, УКМКнын  тергөө камак жайына 2 айга кармалышты.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды.

Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!