"Эркин-Тоо"

“Талап, тартип болбогон жерде өнүгүү болбойт”

Талас районундагы Д.Молдоярова атындагы бала бакчанын жетекчиси Гүлмира ЧЕГЕБАЕВА:

-“Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, ажобуздун “Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талапты катуу коебуз” деген сөзү мугалимдердин, тарбиячылардын жүрөгүнөн орун алды. Талап, тартип болбогон жерде өнүгүү болбойт. Андыктан, мурда эле биздин бала бакчага кызматкерлерди конкурс менен алып келгенбиз. Мындан ары да аттестиациялоо иштерин жүргүзүп, балдарга мыкты тарбия, сапаттуу билим бере турган кесипкөй кызматкерлерди алабыз. Президенттин чечими менен эмгек акылардын көбөйгөнү өзгөчө элеттеги билим, тарбия берүүчүлөрдү шыктандырды. Канча жылдан бери берекелүү эмгек акыга ээ боло албай келген билим берүү тармагынын өкүлдөрү мамлекет жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Мурда биздин кызматкерлер 14 миңдин тегерегинде эмгек акы алып келген болсо, учурда 23-24 миң сом айлык алышууда. Буйруса, ушул дем-күч менен келечек муунду татыктуу тарбиялоого жан үрөп, билим берүү жаатында талыкпастан эмгектене беребиз.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!