Талас облусунда малдын эти кымбаттады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдашты. Учурда 1 кг уйдун эти — 450 сомдон, койдун эти – 460-480 сомдон, сулпу эт – 600 сомдон, ал эми уйдун сулпу эти – 580 сомдон сатылууда.
Мындан эки апта мурда Талас облусунда малдын эти 20-30 сомго төмөн сатылып жаткан.