Таластагы 5 миң орундуу стадиондун курулушу 75% аяктады

15-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушу 75 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Учурда объектте 300дөн ашуун жумушчу эмгектенип, курулуш-монтаждоо иштери кызуу жүрүп жатат. Министр иштердин сапатына көңүл буруп, подрядчы уюмга жумушчу күчүн көбөйтүүнү тапшырды.Нет описания фото.

Долбоорго ылайык, жаңы стадион 5 миң көрүүчүгө ылайыкталып, чыгыш жана батыш трибуналары, оюнчулар үчүн бардык шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы менен жабдылат. Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр курулат.Возможно, это изображение литейный завод и склад лесоматериалов

Орунтаев стадион эл аралык стандарттарга толук жооп бериши керектигин белгиледи. Объекттин курулушу 2025-жылдын 9-апрелинде башталган. Стадионду Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X