"Эркин-Тоо"

Таластагы балаты майрамы

27-декабрда Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драм театрында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Бакытбек Нарбековдун балдарга арналган балаты майрамы өттү.

Жаңы жылдык майрамга 8-12 жаштагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, тоголок жетим, жарым жетим балдар, окуунун алдыңкылары, коомдук иштерге активдүү катышкандар, спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү, кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды.

“Бүгүнкү балаты майрамына облусубуздун эң мыкты уул-кыздары катышып жатасыздар. Сиздердин жылмаюуңуздарды, бактылуу көздөрүңүздөрдү көрүү биз үчүн эң чоң байлык. Ар бир бала балалыктын бактылуу доорун сүрүүгө татыктуу, сиздерге кам көрүү биздин негизги милдет”, — деди Бакытбек Нарбеков.

Жаңы жылдык иш-чара Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын актёрлору тарабынан даярдалган “Сырдуу дүйнө” жаңы жылдык жомогу жана театралдык оюн-зоок программасы менен коштолду.

“Алтын- Альянс” өнүктүрүү фонду тарабынан Талас районунун көмөкчү интернатына 160 миң сомдук сертификат тапшырылды. Аталган суммада акустикалык система, 2 муздаткыч, 1 түстүү принтер жана 1 компьютер берилет.

Облус башчысынын атынан чакырылган 500 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Бактыгүл Кулатаева

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!