Россиянын мектептеринде тарых сабагын окутууну программага 1-класстан баштап киргизүү чечими кабыл алынууда. Бул тууралуу өлкөнүн агартуу министри Сергей Кравцов билдирди.
Мындай чечим тарыхый баалуулуктар сакталып калышы үчүн жасалып жаткандыгын Сергей Кравцов баса белгилеп, бирок, башталгыч класстын балдары табият таануу сабагынын алкагында өзүнүн аймагы, туулган жери тууралуу талкуулап, музейлерге, көргөзмөлөргө барып турса болорун кошумчалап өткөн. Учурда маселе жогорку бийликтин кароосунда турганы маалым болду.