"Эркин-Тоо"

ТАРЖЫМАЛЫНАН ТАРЫХ ТАМЧЫЛАГАН ИНСАН ЖЕ ДОС ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ КЕП

Элибизде «Адамды акылга бай кылган эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек» деген макал бар. Эмгеги менен акыл топтоп, эмгегинен баар таап, сый-урмат, кадыр-барк күтүп, бир нече мамлекеттик сыйлыктарга татыган кесиптешим, пикирлешим, табиятында, дээринде мугалим, бирок учурда мамлекеттик кызматты аркалап келе жаткан Билим берүүнүн отличниги, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мыктысы, курбум Абылкасымова Тамара Нурмамытовнанын кутман элүү жаш курагына байланыштуу куттук айтып, өзүнө ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөсүнө ырыскы-ынтымак, дөөлөттүү өмүр тилеп, элибиз аман, эл ичинде Тамарадай кыргыздын кыздары бар болсун деп, анын баскан жолу жана жасаган иштери тууралуу эки ооз кеп кылууга уруксат бериңиздер. Тамара Абылкасымованын таржымалы аркылуу каарманыбыздын гана өмүрү, ишмердүүлүгүнө кайрылбастан, кыргыз тили жана адабияты, кыргыз фольклористикасы, кыргыз тилин окутуу, үйрөтүүнүн акыркы отуз жылдагы тарых-таржымалына кайрылабыз. Анда эмесе биз билген Тамара Абылкасымова жана анын эмгек жолу, изилдөөлөрү, жасаган иштери, жаштарга өрнөк болчу өмүрү тууралуу кепке өтөлү.

Алыскы Нарын областынын Казарман жергесинде көп балалуу үй-бүлөдө 1973-жылдын кычыраган кыш мезгилинде, 24-январда бул жарык дүйнөгө он бир туугандын төртүнчүсү болуп кыз бала келди. Кичинекейинен зээндүү, көп нерсеге кызыккан кыз, азыр турмушта өз ордун таап, алган билиминин, жасаган эмгегинин үзүрүн көрүп, жеке турмушундагы, кызматындагы ийгиликтери менен үй-бүлөсүн, бир тууган, дос-тааныштарын кубандырып турган учуру. Тамара ишеничтүү жар, камкор, мээримдүү эне.

Балалыгы Советтик доордун гүлдөп турган 1980-жылдарына туура келген Тамара Абылкасымова Тогуз-Торо районундагы Арал орто мектебинде өзүнөн 1-2 жаш улуу окуучулар менен 1979–1989-жылдары окуп, билим алган. Тамаранын окуучулук күндөрү тууралуу бизге Уулболсун аттуу классташы, жакын курбусу айтып берди: «Тамара менен 1-класстан 10-класска чейин бирге окудум. Мектепте окуп жүргөндө эле шамдагай, тарс-тарс сүйлөгөн кыз болчу. Жакшы окучу, коомдук иштерге активдүү катышчу. Классташтардын, мектеп окуучуларынын арасында кадыр-барктуу эле. Тамара мектепте жүргөндө эле тырышчаак кыз эле, ал ошондо эле алдына максат коюп, ошого жетүүгө аракет кылчу. Кыргыз тилден Максут Рысалиев деген агай сабак берчү, абдан күчтүү мугалим эле. Мен, Тамара, Бүбина деген кыздар жакшы окуган кыздар элек, кийин үчөөбүз тең тилчи болдук».

Тамара Абылкасымова кыргыздын мыкты билим берүү мекемелеринин бири, өзгөчө мугалимдик кесипке даярдоонун флагманы И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча жогорку билим алган. Өз убагында чыгаан окумуштуулардан дарс алып, алардын жанында жүрүп, акылнасаатын уккан. Турмуштук тажрыйбасын арттырган. Тамаранын студенттик мезгили 1989–1994-жылдарга туура келди. Турмуштун оошкыйышы, коомдогу саясийэкономикалык жагдайдын өзгөрүшү, окууну бүткөн соң кайда барам, ким болом, эмне кылам деген суроолор ар бир бүтүрүүчүнүн көйгөйлүү маселеси болот эмеспи. Ал эми багытын жоготкон кайыктай болгон мамлекеттеги 90-жылдар жаңы окууну бүткөн жаштар үчүн эмес, тажрыйбалуу, дасыккан адистер эмне кыларын билбей, дел болуп турган убак эле. Билим алсам, кесибим боюнча иштесем, улутум, тилим үчүн бир ишке жарасам деген ниетте илимий ишин улантууну көздөп магистратурага окууга кирди. Улуттук баалуулуктарга кайтып келүү, тарыхта актай бойдон изилденбей калган барактарды ачуу, элге-журтка тил, адабият жаатындагы жаңы өңүттөгү изилдөөлөрдү сунуштоо, изилдөө иштерин баштоо ошол учурдун актуалдуу маселелеринен болуп, Тамара, кыргыздарга, жалпы түрк элдерине тиешелүү эски таш жазууларын изилдөөгө бел байлады. «Күлтегин эстелигинин кичи жазуусунун окулушу» аттуу макаласы 1994-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысына жарыяланса, 1997-жылы илимий эмгектер жыйнагына «Бир эстеликтин окулушу тууралуу» аттуу макаласы жарыяланган.

Мезгилдин талабына ылайык изденүү жолунда болгон Тамара «Билим берүүнүн менеджменти» адистиги боюнча магистрликти окуду. Тамара билим алуудан талбаган, алынган билими менен чектелип калбастан, дайыма аны тереңдетүү керектигин жашынан сезген жана ушул күнгө чейин билим, тажрыйбасын арттыруунун үстүндө иштеп келген мыкты мамлекеттик кызматкерлердин бири. Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистрдик дипломдун ээси, ал эми 2019–2021- жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында «Юриспруденция» адистиги боюнча магистрдик билимге ээ болду. Ушу күндөрү да кызыктуу, жаңычыл окуулар, семинарлар болуп калса, окуу, билим алуу керектигин айтып, бизди да катышууга, билимибизди өркүндөтүүгө чакырып келет.

Тамара Абылкасымова 2016-жылдын апрель айынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында КР Премьер-министринин камсыздоо тобунун эксперти, бөлүм башчысы болуп иштеп келди. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгынын спичрайтери болуп иштеп жатат. Ал Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Анын талыкпаган эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып 2022-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматынын отличниги наамына ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланды. Тамара Абылкасымова кандай гана кызматтарда иштебесин, кайсы гана кесипти аркалабасын, ал жүрөгүндө мугалимдик, окутуучулук түнөгөн асыл адам. Биз Тамара менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 5 жыл бирге иштедик. Кыргызстандык жана чет элдик жарандарга кыргыз тилин үйрөттүк. Кесибин сүйгөн, окуучуларынын ийгилиги менен жашап, эмгектенгенден качпаган кесиптешим, чечкиндүүлүгү менен айырмаланып, иши менен айткан сөзү дал келген чыныгы окутуучунун жүзүн бизге көрсөтө алды. Тамара менен “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчүн түзүү боюнча долбоордо бирге иштеп жаткан учурубуз. Эмгектин даражасын мезгил сынайт дейт, учурдан пайдаланып ак эмгеги үчүн долбоор жетекчиси катары ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Тамарадай элин сүйгөн, тилин барктаган, улуттук баалуулуктарын таанып-билүүгө, таанытууга умтулган, эл-жер, мекени үчүн күйүп-жанган, жүрөгүндө жалыны бар кишилер турганда кыргыз илим-билими мындан ары да өсөт деп ишенебиз. «Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар» дейт элибиз. Ээ болгон кесибибизди аркалап, бизге тагылган милдетибизди так аткарганыбыз – эл кызматында болгонубуз.

Кутман курак куттуу болсун, досум. Алдыда сен жасай турган дагы далай иш бар, Кудайым ден соолук берсин, мамлекетибиздин, мекенибиздин өркүндөп-өсүп турган доорун биз, биздин балдарыбыз, балдарыбыздын балдары көрсө экен деп тилек кылам. Белгилүү окумуштуу Алберт Эйнштейн: «Чыгаан инсандар кооз сөздөрү аркылуу эмес, жеке эмгеги жана анын натыйжасы менен калыптанат» деп айтыптыр, мен курбумду ушундай чыгаан инсандардын катарынан көрөм, эмгектен баар тапкан биздин замандын чыгаан инсандарын элибиз билип, кадырлап, жаштар үлгү алса, келечек жаркын болот деп үмүттөнөм.

Калия КУЛАЛИЕВА, КТМУ, ф.и.к., доцент
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!