"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Таш-Рабаттын үстүнө убактылуу чатыр орнотулду

Маданият министрлиги кабарлагандай, Таш-Рабат кербен сарайын оңдоп-түзөө иштери башталды жана аны жамгырдан, кардан коргоо үчүн убактылуу чатыр менен жабылды.

«Кыргызреставрация» институту атайын долбоор даярдап, жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистер менен бирге бир нече илимий кеңешмелер жана изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

«Ар бир кадам адистердин корутундуларына, лабораториялык изилдөөлөргө жана тарыхый материалдарга таянат. Иштердин максаты — Таш-Рабаттын түпкү тарыхый келбетин сактап калуу, аны өзгөртүү же талкалоо эмес. Тендердин жеңүүчүсү болуп «Юг-Стройсервис» ААКсы табылган. Иштердин коопсуздугун камсыздоо үчүн Таш-Рабаттын айланасы тосмолор менен курчалып, чатыр орнотулду. Алар оңдоп-түзөө аяктагандан кийин алынат.», – деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Таш-Рабатка акыркы жолу реставрация XX кылымдын 70–80-жылдарында жасалган.