Бишкекте таштандыны иреттөөчү завод курулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифинг учурунда калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында заводду куруу иштери 2022-жылдын үчүнчү кварталына пландалган.
«Бишкек мэриясы таштандыны жер алдына чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоор баштаган. Тагыраагы, таштанды челектер жердин алдында болот, жыты чыкпайт. Жакынкы арада дагы бир долбоорду ишке ашырабыз. Келерки жылдын үчүнчү кварталында таштанды иреттөөчү завод даяр болуп калат», — деди Сазыкулов.