Таза Ысык-Көл – таза Кыргызстан

28-июль, 2026-ж. / Айдина Шамшиева / Видео 166

Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин жамааты Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу менен гана чектелбестен, айлана-чөйрөнү тазалоо иштерине активдүү катышты. Колго мээлей кийип, таштандыларды терип, жээкти тазалап жаткан ар бир кызматкер чакан аймакты гана эмес, коомдук аң-сезимди да тазалоого өз салымын кошту. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин жамааты табиятты аярлап, тазалыкты сактоо – ар бирибиздин жарандык парзыбыз экенин дагы бир жолу эске салат.

Келгиле, Кыргызстаныбызды бирге таза сактайлы. Анткени мекенге болгон сүйүү сөз менен эмес, иш менен далилденет. Тазалыкты сактоо жеке биз үчүн гана эмес, жаркын келечек үчүн…

Таза Ысык-Көл – таза Кыргызстан. Таза Кыргызстан – жаркын келечек!

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X