Үй тиричилиги үчүн керектүү ар түрдүү продуктылар менен сервистерди тестирлөөчү америкалык Reviews.org компаниясы 24 саат телефонсуз, телевизорсуз, видеооюндарсыз жана башка ар кандай санарип гаджеттерсиз жашоого макул болгон адамга 2,4 миң доллар төлөп берет. Учурда компания “санариптик детоксикация” темасына материал даярдоодо жана тажрыйбасы баяндалуучу талапкерди тандап жатат деп билдирди CNN телеканалы.
“Эгерде сизде бир күн өз гаджеттериңизден баш тартууга каалоо, ошол эле учурда акча табуу керек болсо, бул сиз үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп жазды компания вакансия тууралуу.