"Эркин-Тоо"

Тоңдо мектептин курулушуна 102 млн сом сарпталат

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 150 орундуу мектеп курууга тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Тендердин суммасы 102 млн 645,1 миң сомду түзөт.

Жаңы мектеп Тоң районунун Жер-Үй айылында жайгашат. Тендердик документацияга ылайык, өтүнмөнүн суммасына күзөт жана өрт жарык жана үн сигнализациясын орнотуу, душ кабиналарын, 400 литр көлөмүндөгү жети электр суу жылыткычтарын орнотуу, мектеп жана китепкана эмеректерин сатып алуу, электр химия жана физика кабинеттери үчүн жабдуулар, турмуш-тиричилик техникасы жана ашкана мебелдери, ошондой эле пианино кирет.

Сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2022-жылдын 19-сентябры.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!