Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип кармалган.
«УКМК тарабынан «Токмок жылуулук» МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат», — деп айтылат маалыматта.
Урмат Самаев Токток шаарынын мэри болуп 2021-жылы август айында шайланган.