"Эркин-Тоо"

Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү аскер кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атты деп шектелген жоокер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Катардагы жоокерди атып качып кеткен 21 жаштагы шектүү Б.У. бүгүн болжол менен саат 16:00дө кармалган. Ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып отурган. Сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлүп, жанынан куралы да алынган.

Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда күзөттө турган 20 жаштагы жоокерди башка жоокер атып алган. Окуядан кийин шектүү из жашырып кеткен. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде жан берген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!