28-мартта абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107-чакырымында,
- Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-11-чакырымында (Чапчыма ашуусу),
- Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында,
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- Бишкек –Ош унаа жолунун 198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин эскертет.