Түркиядагы Улуу-Памир айылында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 97

Түркиянын Ван облусунун Эржиш районундагы Улуу-Памир айылында салтка айланган Улуу-Памир маданият майрамы өтүп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Майрамдын максаты Кыргызстан менен Түркияда жашаган кыргыздардын руханий байланышын чыңдоо, улуттук каада-салтты, маданий мурастарды жана «Манас» эпосун даңазалоо болду.

Маданий кечеде Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акындары Тынчтык Эсенбай уулу, Чыңгызхан Кожошев, Бакыт Шаршеналиев, ошондой эле дастанчылар Улукбек Токтоболот уулу, Бермет Калиева жана Алтынай Бекболотова өнөр көрсөтүштү. Алар мекен, улуттук биримдик жана ата-бабалардын мурасы тууралуу чыгармаларды аткарышты.

Иш-чарага катышкан Улуу-Памирлик кыргыздар мындай жолугушуулар чет өлкөдөгү мекендештердин улуттук аң-сезимин, эне тилин жана маданий мурастарын сактоого чоң салым кошорун белгилешти.

Ал эми «Манас» театрынын өкүлдөрү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган кыргыздар менен болгон жолугушуулар улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды кийинки муундарга жеткирүүдөгү маанилүү көпүрө экенин белгилешти.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X