"Эркин-Тоо"

ТЫШКЫ САЯСАТТАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЙГИЛИГИ

Өткөн 2022-жыл дүйнө эли үчүн оор жылдардын бири болду. Геосаясий абал күчөп, мамлекеттер ортосундагы мамилелерди түзүү да оңойго турган жок. Пандемиянын кесепеттери экономикалык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизди. Бирок мындай кырдаалга карабастан Тышкы иштер министрлиги Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган бир катар татаал милдеттерди аткара алгандыгын министр Жээнбек Кулубаев кечээ “Кабар” агенттигинде 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Министрдин пикиринде өткөн жылы Бишкек шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны, Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусу өткөрүлгөндүгү, Кыргыз Республикасы 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлангандыгы, ошондой эле биздин өлкөнүн катышуусунда Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөдө уюштурулган тышкы саясий иш-чаралар ийгиликтүү өткөндүгү буга далил боло алат. Ал жакында өлкөгө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик иш-сапары менен келери күтүлүп жаткандыгына токтолду. “Бул иш сапар 2022-жылга пландалган. Бирок, климаттык кырдаалга жана ички процесстерге байланыштуу өзбек тарап иш-сапарды кийинкиге жылдырууну суранган. Биз эң жакынкы арада жолугушуу өткөрүүнү пландап жатабыз”, — деди ал.

Ал эми Тажикстан менен болгон дипломатиялык мамилелерге токтолгон министр маселелер өз ара түшүнүү менен чечилип келе жаткандыгын айтты. «Тараптардын чек ара маселеси боюнча өз ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Эң башкысы, Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку жетекчилиги буга чекит коюу керектигин түшүнүп турат», — дейт министр.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Казакстан, Кытай жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелер өз нугунда жүрүп жаткандыгын билдирди.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!