Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Казакстан Республикасы менен чектеш чек арадагы өткөрүү пункттарында коррупциялык схемаларды жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынан мыйзамсыз опузалоолорду аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында өлкөдөн кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекеттик чек арадан өтүүдө КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда болжол менен 6 тонна кумшекерди алып чыгууга аракет кылуу фактысы аныкталган. Коштоочу документтерге ылайык, кумшекер тизмеге кирген эмес.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 17-мартындагы №140 “Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык кумшекерди жана анын түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынган.