"Эркин-Тоо"

Украинадагы согушка катышкан Кыргыз жараны кармалды

Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Украинадагы согушка катышты делинип К.у.А аттуу Кыргыз жараны 11-январда кармалган.

«Ал Украинага көчүп барып, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан. 2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти УКМКдан.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

УКМК Кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!