Улан Ниязбеков: Жасалма интеллект алдамчылыкты күчөттү
Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Астанада өткөн эл аралык конференцияда киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө мамлекеттердин кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

4-5-ноябрь күндөрү Казакстандын борборунда өтүп жаткан конференцияга 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандын делегациясын милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жетектеп барды.
Министр өз сөзүндө киберкылмыштуулук улам татаалдашып, жаңы технологиялардын өнүгүшү менен алдамчылыктын жаңы ыкмалары пайда болуп жатканын айтты.
Анын белгилешинче, жасалма интеллекттин жардамы менен адамдардын үнүн окшоштуруу, тааныштардын же мекемелердин атынан жалган билдирүүлөрдү жөнөтүү, ойдон чыгарылган инвестициялык сунуштарды таратуу сыяктуу ыкмалар кеңири колдонулууда.

Ниязбеков мындай кылмыштардын өлкөлөр аралык мүнөзү аларды аныктоону жана бетин ачууну кыйындатып жатканын белгиледи. Кылмышкерлер чет мамлекеттерде туруп, башка өлкөлөрдүн санариптик платформаларын жана банктык эсептерин пайдаланышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу министр киберкылмыштуулуктун алдын алуу, калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана укук коргоо органдарынын, банктардын, байланыш операторлорунун ортосундагы ыкчам кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле ал эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашууну өз убагында уюштуруу киберкылмыштарга каршы күрөштө маанилүү экенин айтты.