Улуттук госпитал каржылык автономияга өттү. Бейтап үчүн эмне өзгөрөт?
Кыргызстанда медициналык уюмдарды башкаруунун жаңы формасы сыноодон өтүп жатат. Тактап айтканда, 2026-жылдын 8-июнунан тартып өлкөдөгү 14 медициналык уюм каржылык жана башкаруу өз алдынчалыгын сыноо режимине киргизилген. Алардын катарында Улуттук госпиталь да бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай жаңы система медициналык мекемелерге мурдагыга караганда көбүрөөк эркиндик берерин билдирди. Эми оорукана ички түзүмүн өзгөртүп, чыгымдардын артыкчылыктуу багыттарын өзү аныктап, кошумча каражат тартууга жана мамлекеттик кепилдиктер программасынан тышкары акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Бирок, бул өзгөрүү Улуттук госпиталдагы бардык медициналык жардам эми акы төлөнөт дегенди билдирбейт. Акы төлөнө турган кызматтардын саны 264 деп бекитилген. Алардын арасында рентгенэндоваскулярдык хирургия, жогорку технологиялуу урологиялык операциялар, тизе жана жамбаш муундарын эндопротездөө сыяктуу медициналык кызматтар бар. Ошондой эле госпиталда чач көчүрүү операциясы көрсөтүлө баштаган.
Бул кызматтардын тарифтери жөн эле каалагандай белгиленбейт. Саламаттык сактоо министрлиги акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтерин эсептөөнүн атайын методикасын бекиткен. Анда медициналык уюмдун кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдары жана жеке клиникалардагы ошол эле кызматтардын баалары эске алынат. Бейтаптар үчүн эң маанилүү маселе мамлекеттик кепилдиктер сакталат.
Жолдомо менен келип, мамлекеттик кепилдиктер программасынын талаптарына жооп берген бейтап тиешелүү медициналык жардамды алат жана белгиленген кошумча төлөмдү гана төлөйт. Ал эми шашылыш медициналык жардам бейтап оор абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт. Бул камсыздандырылган же камсыздандырылбаганына карабастан жарандарга, чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга тиешелүү экени айтылат.
Ошол эле учурда медициналык камсыздандыруу полиси жок же зарыл болгон жолдомосуз кайрылган бейтаптар кызматтын толук наркын бекитилген прейскурант боюнча төлөшү мүмкүн.
Демек, жаңы системада бейтап үчүн эң негизги айырма медициналык жардамдын кайсы бөлүгү мамлекет тарабынан кепилденерин, кайсынысы кошумча акы төлөнүүчү кызмат экенин алдын ала билүү зарылдыгы.
Негизгиси акы төлөнүүчү кызмат бейтапка таңууланбайт. Эгер кошумча акы төлөнүүчү кызмат сунушталса, бейтапка анын эмне үчүн акы төлөнөрү, баасы канча экени жана төлөмгө кандай кызматтар кирери түшүндүрүлүшү керек. Бейтап андан кийин гана кызматты алуу же баш тартуу боюнча чечим кабыл алат.
Мындай системанын киргизилиши албетте акы төлөгөн бейтаптарга артыкчылык берилип калбайбы деген суроону туудурушу мүмкүн. Бирок, кезекке туруу санариптештирилип, андай мүчүлүштүккө жол берилбей тургандыгын бейтапкананын жетекчилиги билдирди.
Төлөмдөр электрондук түрдө жүргүзүлүп, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүлгөн бөлүмдөрдө ELQR орнотулган. Түшкөн кирешенин бөлүштүрүлүшүн Байкоочу кеңеш текшерет. Медициналык кызматтын сапатына госпиталдын ички Сапат кызматы, клиникалык аудит бөлүмү жана ММК фондунун тышкы эксперттери көзөмөл жүргүзөт. Түшкөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү айлык акылардын жогорулашына жумшалары айтылууда.
Ошентип, каржылык автономияга өтүү боюнча мындан бир топ жыл мурда айтылган сунуштар азыр ишке ашырылууда. Анын кандай иштеп кетээрин убакыт көрсөтөт. Башта бейтапканаларда акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүү боюнча демилгени коомчулук жакшы кабыл алган эмес. Бирок, айрымдар ансыз да айрым кызматтарга акы төлөнүп жаткандыгы, алардын кайда кетери белгисиз экендигин айтып чыгышкан. Эми акы төлөөлөр 14 медициналык уюмда мыйзамдаштырылды. Болгону коомчулукту “Адилеттүүлүк, айкындуулук болобу?”- деген суроо кызыктырып турат.
Жазгүл Кенжетаева