"Эркин-Тоо"

УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ЖОЛУНДА

Философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги Тогусаков Осмон Асанкулович 23-январда 70 жашка толду. Өмүрүн илим-билимге арнап, өрнөктүү өмүр сүргөн Осмон агайга куттук жазуу мен үчүн бир чети сыймык, бир чети чоң жоопкерчилик деп сезем.

Осмон Асанкуловичтин илимдеги жетишкендиктерин, наамдарын, эл аралык жана ата мекендик академияларда, диссертациялык кеңештерде мүчөлүгүн, ал катышкан илимий конференция, симпозиумдарды санап, өмүр баянын тизмектеп отурууну туура көргөн жокмун. Бир гана баса белгилөөчү жагдай: агай университетке кирип 2-курска келгенде Советтик армиянын катарына кызмат өтөөгө жөнөйт. Тагдырдын буйругу менен күлгүн курактагы жигит Ыраакы Чыгышка, болгондо да Аскер деңиз флотуна туш келип, эл аралык жүктөрдү коштоочу суу алдында жүрүүчү кемеде кызмат өтөйт. Эмне деген баалуу, чуулгандуу жүктөрдү ар кайсы континенттердеги капиталисттик да, социалисттик да өлкөлөргө коштоп барып, дүйнө таанып ары кызыктуу, ары опурталдуу аскердик кызматты өтөп кайтат. Аскердик кызматтагы ошол өзгөчөлүк агайдын кийинки илимдеги тагдыр жолун аныктагандай. Анткени, агай илимдин философия, саясат, искусттво таануу багыттарында канчалаган аспиранттарга устат катары ишенимдүү колдоочусу, жандоочусу болуп келет. Айрым профессор, академиктер илимдеги устаттыкты аспиранттын кактабай канын соруу, ар кандай талаптар менен шакирттин шаштысын кетирүү деп түшүнүшөт. Мен агайдын аспиранты деле эмесмин. Болгону акыркы эки жылда бир мекемеде иштеп, кандайдыр бир деңгээлде аны жакындан билип калдым. Бул кишинин мен урматтаган башкы сапаты: жөнөкөйлүк жана бийик адамкерчилиги!

2011-жылы сентябрь айында Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандыгынын 20 жылдыгына арнап “Саясий илимдин негиздери” деп аталган илимий китеп жазып, ал китепти министрликтин “ЖОЖдор үчүн окуу китеби” деген грифи менен чыгаргам. Таң калыштуусу, ошол китебим чыккандан кийин менин окуу жайдагы иш жүктөмүм 1 ставкадан жарымга түшүп калса болобу? Аны угуп, көңүлүм чөгүп, Улуттук илимдер академиясынын жанынан өтүп келатып: “Кантсе да академия илимдин храмы, саясатка жакындыгы бар эмеспи” деп эсептеп философия институтунун директоруна кирип, кол тамгам менен китебимди белек кылдым. Ошондо агай «азыркы замандын кыйынчылыктарына карабай илимге келип жаткан жаштарды колдош керек. Азаматсың!» деп ошол эле жерден кайсы бир ЖОЖдун жетекчисине чалып: “Силерге керектүү, министрликтин грифи менен чыккан китеп экен, алгыла” деп сүйлөштү. «Эртең 10 китеп алып барсаң, акчасын берет. Азыр китеп чыгарыш деле кыйын. Өз каражатыңа чыгарганың кандай? Өзүң иштеген университет колдогон жокпу?» деп бакылдап, кеңешин берип, кадимкидей духумду көтөрүп узатканы эсимде. Илимде мындай моралдык колдоо чоң мааниге ээ. Бирок, дал ушул илим чөйрөсүндө бут тосуу, көралбастык, ичи тарлык, интрига көп кездешет. Андан бери дагы 10 жыл өттү. Баса, өткөн жылы илимий макалалардын сынагына катышып, Түркия мамлекетине эл аралык симпозиумга барып келдик. Келгенден кийин анча-мынча базарлыктан ооз тийгизип, оюмда симпозиум жөнүндө кеп салып берейин десем жетекчим уккусу келбегени аз келгенсип, чогулган кесиптештеримди ай-буйга келтирбей таратып, мунусу да аз келгенсип “тебе это надо было” деп баса берсе болобу? Бирок, бул жолу 10 жыл мурдагыдай көнүлүм чөгүп, ыза болгон жокмун. Болгону, “15 жылдан ашык тайпа башчысы болсоң да бир көр пенде экенсиң го?! Дал ушундай ичине таруу айланбаган, илимди коммерциялаштырган жетекчилер басымдуу болгон үчүн окуу жай сазга батып келатат да” деп каңырыгым түтөп, баса бердим. “Ак чөп башта” окурман, мен бул жерде өз көйгөйүмдү айтып калууну эмес, кеп удулу келгенде агайдын адамдык образын дагы да күчтүүрөөк ачып бериш үчүн өз башыман өткөн окуяны айта кетүүнү эп көрдүм. Көрдүңүзбү, бир эле учурда бир мекемеде, бир тармакта иштеп жаткан эки адамдын эки башка мамилеси. Бирөөнүн мамилеси адамды басынтып, көнүлүн чөктүрсө, экинчисинин мамилеси адамга дем берип, жаңы ийгиликтерге шыктандырат. Кандай мекеме, ишкана, кайсы тармак болбосун барган жеринде ишти уюштура билип, ар бир кызматкердин тилин таап, жамаатты, аймакты же тармакты өргө тартып, мыкты көрсөткүчтөрдү жаратуу – элге кызмат кылам деген жаш муундар үчүн жетекчиликтин, устаттыктын үлгүсү. Оюңду, илиминди, билимиңди, тажрыйбаңды, кеп-кеңешиңди чын дилиңден шакирттериңе бөлүшүп, аларга өз балаңдай кам көрүү –даанышмандык.

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ,
саясий илимдердин кандидаты, доцент

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!