Орусиялык маалымат каражаттары Ырчы Юрий Шатуновдун өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө тартылган видеону жарыялашты.
Видеодо маркум ырчынын санаалаштары аны унаадан түшүрүп, имаратка киргизип жатканын көрүүгө болот. Алгач, Шатунов өзүн жаман сезгенде Растуново айылындагы ооруканага, андан кийин Москвадагы ооруканага жеткирүү үчүн жолго чыгышкан. Тилекке каршы, ырчы ага жетпей жолдо көз жумган.
Эскерте кетсек, Юрий Шатунов 23-июнда 48 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза тапкан.