"Эркин-Тоо"

WhatsApp аркылуу ККМдин пилоттук моделин колдонууга консультация берилет

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорунун катышуучуларына консультация берүү үчүн пилоттук долбоорду техникалык колдоо борбору иштеп жаткандыгын билдирди. Салык кызматынын адистери долбоордун катышуучуларынан келген билдирүүлөрдү кыска мөөнөттүн ичинде ыкчам иштеп чыгышат.

ККМдин пилоттук моделин колдонуу боюнча  (0312)51-01-47, (0995)99-66-69 (WhatsApp) жана (0508)99-66-69 (WhatsApp) байланыш номерлерине кайрылса болот.

Эске салсак, 2021-жылдын сентябрынан тартып Мамлекеттик салык кызматы ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүп келет.Анын алкагында долбоордун катышуучуларына кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлөө акысыз көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө 928 ККМге фискалдык модуль ыйгарылды, анын ичинен 910 кассалык машина ар кандай соода жана тейлөө түйүндөрүнө орнотулган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!