"Эркин-Тоо"

Япония Кыргызстанга 1 млн доллар грант берет

Япония Кыргызстанга 1 млн доллар грант берет. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-октябрда Япониянын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам гуманитардык кырдаал начарлаганына байланыштуу Кыргызстанга 1 млн доллар грант берүү чечимин кабыл алган.

«Япониянын өкмөтү, бул жардам көп жылдык достук мамилелер байланыштырган Кыргызстандын эли туш болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жардам берет деп үмүттөнөт», — деп айтылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!