Жаңы окуу жылынын башталышында салтка айланган «Мектепке жол» кайрымдуулук акциясынын алкагында, Жети-Өгүз РИИБдин балдар менен иштөө боюнча инспекторлору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп окуучуларына жаңы окуу куралдарын тапшырышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуучуларды мектепке чогултуу кайрымдуулук акциясы жакшы салтка айланды. Көп жылдардан бери Ысык-Көл облусунун караштуу Жети-Өгуз тоолу аймагынын милиция кызматкерлери да бул жакшы жышаандан четте калбай келе жатышат. Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору үй-бүлөлөрү убактылуу турмуштук оор кырдаалда туш болгон балдарды жаңы окуу жылына чогултууга жардам беришүүдө.
Балдар белектерди абдан кубануу менен кабыл алышып, жакшы окууга убада беришти.