17-декабрда Каракол — Түп автожолунда жол кырсыгы катталып, эки айдоочу каза болуп, 9 жүргүнчү ар кандай жараат менен облустук жана райондук ооруканаларга жеткирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Mazda Xedos автоунаасынын айдоочусу Караколду көздөй баратып, жолдун тайгалагына байланыштуу карама-каршы тилкеге чыгып, Каракол — Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан.
Кырсыктан эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болгон. Каракол- Балыкчы каттамында кичи автобусту 43 жаштагы айдоочу, жеңил унааны 27 жаштагы жаран башкарып бараткан.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өтө этият болууга чакырат.