"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдөгү пансионаттарга Баткенден келген 169 адам жайгашты

Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун санаторий жана пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине 4 адам, “СОС” балдар үйүнө 20 адам, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылынын Исабеков көчөсүндө жайгажкан турак үйгө 11 адам​ жана өз каалосу менен туугандарыныкына кеткен 30 адам болуп, жалпысынан 169 адам жайгаштырылды.

Жарандарга райондук администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылууда.

ӨКМ келген жарандарды кординациалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!