Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда сууга чөккөн кыз бүгүн да изделип жатат.
Издөө иштерин улантууга таңкы саат 6:55те Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн 6 куткаруучу, 4 суучул моторлуу кайык менен чыгышкан.
Буга кошумча ККББдан 3 куткаруучу дрон менен, ошондой эле Суучулдар кызматынан 4 суучул моторлуу кайык менен Ысык-Көл райондук №31 ӨБдан 5 куткаруучу. Мындан сырткары, туугандарынан 10 адам кайык менен тартылышкан. Жалпысынан 32 адам издеп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.